АЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТ (нем. alt, итал. alto, лат. altus – бийик) – 1) тенор менен сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (12–14-к-да) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон), к. Контратенор. 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, ошондой эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия, к. Контральто. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун уз. 38–48 см. 16-к-дын башында пайда болгон. Симфониялык оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (А., же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) ж. б. тобундагы альт түрлөрү кезигет.