АЙТМАТОВ М

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:08, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович ( 16.12. 1957, Ош (азыркы Жалал‑Абад) обл., Жаңы‑Жол (азыркы Аксы) району, Караван (учурда Кербен ш.) айылы – 2018, Бишкек) – ветеринария илимдеринин доктору (1997), доцент (1991), профессордун милдетин аткаруучу (2010). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1980). 1980–81‑ж. КАЧИде улук лаборант, Москва ветеринария академиясынын аспиранты (1981–85). 1985–92‑ж. КАЧИнин анатомия жана акушерство кафедрасынынын ассистенти, 1992–97‑ж. ушул эле интернатта кафедрада доцент; Айыл жана суу чарба министирлигинде айыл чарба кеңеши кызматынын директору (1997–98); 1998–2001‑ж. ошол эле жерде директордун орун басары, 2001–02‑ж. ушул эле фонддун менеджери; 2002–05‑ж. ошол эле министирликтеги Кеңеш берүү жана окутуу борборунун директору, 2005–06‑ж. ошол эле жерде башкы тренер. 2006–10‑ж. Ташкенттеги Эл аралык Борбордук Азия жана Кавказ боюнча айыл чарбанын изилдөө мекемеси–ИКАРДда илимий кызматкер; 2010‑жылдан КУАУнун профессор милдетин аткаруучу жана биомаданий борборунун жетекчиси. Анын 123дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 94 методикалык жана практикалык сунуштар, 1 монография, 3 анатомия жана жалпы биология боюнча терминдердин сөздүгү, 4 илимий китептер, 9 брошюра жана 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт‑П., 1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.