АЙДАРБЕКОВА Айжана Азаматовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРБЕКОВА Айжана Азаматовна (1973-жылы туулган, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (2008). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1995). Эмгек жолун И. К. Ахунбаев атындагы КММИнин онкология кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган. РМИАда Н.Н.Блохин атындагы РОИБда докторант; Б.Н.Ельцин атындагы КРСУда доцент, профессор; КРдин саламаттык сактоо министрлигинин ОИБда окумуштуу катчы. КРдин саламаттык сактоосунун отличниги, Баштын жана моюндун шишиги боюнча Евроазия коомунун алтын медалы жана грамоталар менен сыйланган. Анын 90дой илимий эмгектери, анын ичинен 2 монография, 2 окуу китеби, рационалдык сунуштары жарык көргөн.

Эмг.: Классификация лимфатических узлов шеи: необходимость перехода на современную классификацию в онкологической практике// Вестник РОНЦ им. Н. Н. Блохина РАМН. -2006.-Т.17, № 3. –С.54-59. (в соавт.). Хирургическая стоматология: учебник. –2-е изд.-Б.,2016-406 с. (соавт.)