АЙДАРБЕКОВ Курманкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРБЕКОВ Курманкул [1916, Чүй облусу, Кант (азыркы Ысык‑Ата) району, Жер‑Казар кыштагы - ­1974, ошол эле жерде] – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965).

АЙДАРБЕКОВ50.png

Эмгек жолун 1929‑жылы Кант районундагы «Алга» колхо­зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик со­гуштун катышуучусу. 1944‑56‑жылдары ошол эле кол­хоздун кой фермасынын башчысы, 1956‑63‑жылдары кант кызылчасын өстүрүүчү ком­плекстүү механикалашты­рылган бригаданын звено башчысы, 1963‑жылдан бригадир. Ал башкарган бригада кант кызылчасын өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1964‑жылы 280 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 454 цден, 1965‑жылы 310 га жердин ар гектарынан 518 цден түшүм жыйнап алган. 1967-­75‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.