АЙБЕК кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:51, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБЕК – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 7 км чыгыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 43 км. Деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1716 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп бар.