АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:52, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ – өсүмдүктү азот менен азыктандыруучу минералдык жана органикалык заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар органикалык жер семирткич (кык, чым ­көң, компост) жана минерал жер семирткич (азот­туу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакат­тар) болуп бөлүнөт, ошондой эле азоттуу көк жер семирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар жана аммоний туздары менен азыктанат. Амид Азот жер семирткичи мочевина, кальций цианамиди жана мочевина­формальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина менен аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын ар­тыкчылыгы концентрациясы жогору, арзан өндү­рүлөт жана оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б-­ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий менен камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан органикалык заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комп­лекстүү жер семирткич даярдоого жана курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азот жер семирткичин колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биологиялык жана топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.

                                                                                                     Н.Д.Дүйшембиев.