АДРЕС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРЕС (фр. adresse – багыттоо) – 1) адамдын жашаган жана мекеменин, ишкананын, уюмдун турган жери; 2) информатикада– ЭЭМдин эс облусун (регистр, уяча, бет ж. б.), анын сырткы түзүлүшүн же информациялык, эсептөө тармактарынын түйүндөрүн аныктоочу сан же символдук белгилөө; ЭЭМде маалыматтын жай­гашуу ордун аныктоочу код. Арестин түрлөрү: чы­ныгы Адрес [уячалардын (блоктун, түзүлүштүн) но­муруна туура келген конкреттүү коддор]; салыштырма Адрес (өзгөчө тандалган айрым уячадан, көбүнчө анын буйруктары сакталган эстин уяча­ларынан баштап эсептелген эс уячаларынын номуру); символдук Адрес (программалоодо ыңгай­луулук үчүн колдонулган Адрестин шарттуу белги­лениши). Адрес машинада уячаларга туура келүүчү кайрылууну камсыз кылган башкаруучу сиг­налдар системасына дешифратор менен өзгөртү­лөт. Дешифраторго келгени аткаргыч Адрес, ал эми ЭЭМдин эсинен алынуучу буйруктардын ку­рамындагысы баштапкы же жөн эле Адрес деп аталат.