АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК – укуктун мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу тармагы жанa аткаруу бийлигин­де колдонула турган атайын эреже‑нормалар. Булар бийлик органдарынын, мамлекеттик кызмат­керлердин иштерин белгилейт. Юридикалык маани­си боюнча Администрациялык укук төмөндөгүлөргө бөлүнөт: а) атайын мамлекеттик ишти аткарууга милдеттендирүү, мисалы, КРдин жарандык мыйзамдарына ылайык салык жанa жыйым төлөөгө милдеттүү; б) тыюу салуу – бийлик көрсөтмөсү боюнча тыюу салуу, мисалы, администрациялык укукту бузганы үчүн жаза; в) ыйга­рым укук берилген бийлик – өз ыктыяры менен нормадагы белгиленген чекте башкаруу.
С. Алымкулов.



АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР – КРдин мыйзамдары менен администрациялык жоопкерчилик белгиленген аракеттердин же аракетсиздиктин жеке адам же юридикалык жак тарабынан укукка каршы атайылап жасалган күнөөлүү аракеттер же аракетсиздиктер (атайылап же байкабастык­тан). Администрациялык укук бузууларга мисалы, коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн, санитариялык, өрткө каршы, бажы, салык эрежелерин, электр же жылуулук энергиясын ысырап пайдалануу, жер мыйзамдарын, тарых жанa маданият эстеликтерин коргоонун, пай­далануунун эрежелерин бузуу ж. б. кирет. Администрациялык укук бузууларды атайылап жасаганга аны бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка каршы экендигин, зыяндуу залал болорун билип туруп ишке ашыруусу же ага жол берүүсү кирет. Эгерде администрациялык укуктарды бузган жак өз аракетинин же аракетсиздигинин аркасында зыяндуу болорун билип туруп, бирок жеңил ойлуу­лук менен аны болтурбаймын деп ойлосо же мын­дай залалдын болорун билбей калып жасаса, анда Администрациялык укук бузуулар байкабастыктан жасалган деп эсеп­телет.

К. Эсенканов.