АБДУКАРИМОВ Мамасалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:08, 10 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУКАРИМОВ Мамасалы (5. 6.1910-жыл, Ош облусу, Кара-Суу району, Жапалак айылы – 26. 1. 1996-жыл, Бишкек шаары) – кыргыз жазма адабиятын баштоочулардын бири, жазуучу жанa котормочу, Кыргыз эл жазуучусу (1995). 1924 – 1925-жылдары Ташкент шаарындагы Казак-кыргыз институтунда билим алган. 1930-жылы Кыргыз педагогикалык техникумун бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде жооптуу катчы болуп иштөөдөн баштап, 1938 – 1940-жылдары анын жооптуу редактору, «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1943 – 1947-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Ош обкомунун катчысы, 1950 – 1957-жылдары Кыргыз мамлекеттик басмасында бөлүм башчы,1957 – 1968-жылдары «Советтик Кыргызстан»

АБДУКАРИМОВ31.png

гезитинде адабий кызматкер болуп эмгектенген. Анын «Курмушунун турмушу» аттуу алгачкы аңгемеси 1928-жылы жарык көргөн. М. Абдукаримов «Кызыл эмгек», «Турмуш жана күрөш» (1937), «Үзүлбөгөн үмүт» (1957), «Болгар жеринде» (1960), «Эр жүрөк азаматтарды даңазалап ырдайбыз» (1986) жыйнактарынын, «Жаңырык», «Жашагым келет» романдарынын (1-китеби, 1965), биографиялык мүнөздөгү «Жол башы» (1982), «Биринчи кубаныч» даректүү повестинин, «"Эркин-Тоо" элге» (1995) аттуу тарыхый очерктин автору. Жазуучунун калеминен жаралган чыгармалардан ошол учурдун илеби, бакыт үчүн, жыргалдуу турмуш үчүн баатырларча күрөшкөн чыныгы адамдын үмүт-тилеги сезилип турат. 4 – 10-класстар үчүн «Кыргыз адабияты» окуу куралынын түзүүчүлөрүнөн. Көрүнүктүү котормочу катары да белгилүү. Ал ар түрдүү тармактагы адабияттарды, орус жана дүйнөлүк классиктер А. П. Чехов, М. Горький, М. Шолохов, Джон Рид жана башкалардын көркөм чыгармаларын, ондогон киносценарийлерди кыргыз тилине которгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Артыкбаев К. Жазуучу, журналист жана котормочу. «Ала-Тоо», 1960, № 9; Писатели Советского Киргизстана. Ф., 1989. Ж. Медералиева.