БЕЙСЕБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕЙСЕБАЕВ Рахат Сансызбаевич (3. 1. 1975-жылы туулган, азыркы Бишкек ш.) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2020). БГУну (2001), Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербургдагы филиалынын аспирантурасын (2008) бүтүргөн. 2001–02-ж. Москва райондук мамлекеттик администрациясында бөлүмдүн жетектөөчү адиси, 2009–16-ж. КРСУда кафедранын доценти, 2011–18-ж. К. Карасаев атындагы . БГУнун Славян таануу факультетинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) эл аралык тармактар университетинин эл аралык жалпы билим берүү программалары бөлүмүнүн башчысы, 2011–13-ж. Вестминстер университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде (Лондон, Улуу Британия) илимий стажёр, 2013–17-ж. К. Карасаев атындагы БГУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, 2017–20-ж. К. Карасаев атындагы БГУда Кыргыз-кытай факультетинин деканы, 2020-жылдан эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору. Эл аралык менеджмент институтунда стажёр (Дели, Индия) (2014), «Ednet» билим берүү тармагында сапатын камсыздоо агенттигинин аккредитациялоо боюнча эксперти (2014), КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитация жана лицензиялоо боюнча эксперти (2018). BILIM-STANDARD көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин эксперти (2019).