БАБИРУССА
БАБИРУССА (Babyrousa babyrussa) – чочколор тукумундагы сүт эмүүчү. Уруунун жалгыз түрү. Дене узундугу 90-199 см, жалынан бийиктиги 65-80 см, салмагы 100 кгга жетет. Башы кичине, кулагы кыска. Жону томпок, буттары салыштырмалуу бийик жана ичке. Териси дээрлик жылаңач, күрөң же кара-боз түстө, сейрек жана кыска түк менен капталган. Эркегинин үстүңкү кылкыйма тиши узун (30 смге чейин), жогору карай өсүп, дого сымал өйдө кайрылып өсүп, карган Б-нын үстүңкү жаак сөөгүнө кирип калат. Негизинен Сулавеси жана ага жакын аралдарды мекендейт. Жалгыздан же саздуу токойдо жашайт, аралдардын ортосун сүзүп өткөнгө жөндөмдүү. Негизинен өсүмдүк менен азыктанат. 5 ай көтөрүп, 1-2 торопой тууйт. Жергиликтүү калк үй жаныбары катары кармашат. Зоопаркта жакшы көбөйөт, 10 жылга чейин жашайт. Табиятта саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. (сүрөтү – БРЭ 2-том, 621-бет)