АЯК КҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:41, 25 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯК КҮҮЛӨР ‒ комуз күүлөрүнүн тобу. Аяк күүлөр комуз моюнунун көкүрөк бөлүгүнө жакын жеринде же аяк жагында аткарылгандыктан ушундай аталат. Аяк күүлөргө шыӊгырамалар, ботойлор жана башкалар кирет (мисалы, салттуу «Ботой» күүлөрү, Карамолдо Орозовдун «Чаржайыт ботой», «Токтогулдун ботою», «Муратаалынын ботою», «Сейилкандын ботою» жана башкалар).