АШУБАЕВ Жекшен

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:20, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШУБАЕ́В Жекшен (1912, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Маман айылы ‒ 1943, Ростов-на-Дону) ‒ жазуучу, акын жана драматург. 1925‒31-ж. Түптөгү айыл чарба техникумунда окуган. «Кочкор», «Оргочор» совхоздорунун саясий бөлүмүндө (1931‒36), Каракол райком комсомолунун секретары, Кыргызстан ЛКСМ обком комсомолунун секретары (1936‒37), Кыргызстан ЖСунун жана «Советтик адабият жана искусство» журналынын аппаратында, Чүй р-ндук эл агартуу бөлүмүндө (1937‒41) иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал адабият майданына 1939-ж. келген. Балдарга арналган «Кайырдуу достор» поэмасы (1940), кыргыз интеллигенциясынын турмушун чагылдырган «Тереӊ кечүү» повести (1941), «Мөмөлөрүм» (1940) пьесасы ж. б. чыгармалары бар. «Достук» аӊгемеси, «Коштошуу» драмасы согуш темасына арналган. Аты туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.