АФФРИКАТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФФРИКАТА (лат. affricо ‒ сүргүлөйм) ‒ жарылма жана фрикативдүү (жылчыкчыл) элементтерден турган үнсүз тыбыш. Кыргыз тилинде ага «ж», «ч» тыбыштары кирет. Булардын айтылышында тыбыштык активдүү орган пассивдүү тыбыш органына кептелишип, ага жакындашып жылчыкты пайда кылат, бирок андан тез эле тилдин ортонку бөлүгү катуу таӊдайга, капталдары каптал тиш менен анын бүйлөлөрүнө кептелип, абанын агымы аны жарып чыгат. Ошентип, бул эки тыбыш аффриката (татаал тыбыштар) тобун түзөт.