АФОРИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
АФОРИЗМ (гр. ajorismov ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. Афоризмдер түзүлүшү б-ча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да афоризмдерге кошуп карашат. Афоризм «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу ак таӊдай акындардын чыгармалары афоризмдерге бай.