БАГЛАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЛАН ‒ Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кулатов айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 49 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 10 км. Деӊиз деӊгээлинен 1275 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 004 (2022); негизинен тамеки өстүрүүдө жана мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, оорукана бар.