АШУУ
Jump to navigation
Jump to search
АШУУ ‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым ашуулар кар-мөӊгүлүү зонада жатат. Пайда болушу боюнча тектоникалык, эрозиялык жана мөӊгүнүн аракетинен жаралган ашуулар болуп бөлүнөт. Ашуулардан өткөн жолдор жыл бою (мисалы, Төө-Ашуу) ачык болот, айрымдары гана кар көп түшүп, же кар, көчкү басып, кышында жабылып калат. Кыргызстандагы маанилүү ашуулар: Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Талдык, Кызыл-Арт, Чапчыма, Торугарт ж. б. Ашуу бел, дабан, өтмөк, арт жана ажык деп да аталат.
Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар
| Ашуунун аты | Деӊиз деӊг.бийиктиги (м) | Жайгашкан орду | Ашуулардан өтүүчү маанилүү авт. жолдору |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| Ак-Бейит | 3286 | Ат-Башы кырка тоосунун батыш учу менен Арпанын Ала-Тоосунда | Бишкек ‒ Торугарт |
| Ала-Бел | 3184 | Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде | Бишкек ‒ Ош |
| Барскон | 3756 | Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Кум-Төр |
| Беш-Таш | 3578 | Талас Ала-Тоосунун түн.-чыгышында | Талас ‒ Кетмен-Төбө |
| Долон | 3030 | Байдулу жана Соӊкөл тоолорунун кесилишинде | Бишкек ‒ Торугарт |
| Кара-Буура | 3305 | Талас Ала-Тоосунда (Кара-Буура жана Кара-Касмак сууларынын башында) | Талас ‒ Чаткал |
| Карагөө | 2800 | Молдо-Тоодо | Бишкек ‒ Тогуз-Торо |
| Катынарт | 3514 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
| Көгарт | 3319 | Фергана тоо тизмегинде (Көгарт суусунун башында) | Көгарт ‒ Тогуз-Торо |
| Кубакы | 2350 | Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышында | Боом ‒ Орто-Токой |
| Кызарт | 2664 | Сандык жана Кызарт тоолорунун аралыгында | Кочкор ‒ Жумгал |
| Кызыларт | 4280 | Чоӊ Алай тоосунда (Кызыларт суусунун башында) | Ош ‒ Хорог |
| Кызыл-Бел-Чар | 2600 | Нарын кырка тоосу менен Ала-Мышык тоосунун тутумдашкан жеринде | Бишкек ‒ Торугарт |
| Өтмөк | 3330 | Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө | Талас ‒ Суусамыр |
| Талдык | 3615 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
| Тоӊ-Мурун | 3536 | Алай жана Чоӊ Алай кырка тоолорунун аралыгындагы белбаскакта | Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн |
| Торугарт | 3752 | Торугарт кырка тоосунун чыгыш жагында | Нарын ‒ Кашкар |
| Тосор | 3893 | Тескей Ала-Тоодо (Тосор жана Үч-Эмчек сууларынынбашталышында) | Ысык-Көл ‒ Сырт |
| Төө-Ашуу | 3586 | Кыргыз Ала-Тоосунун борб. бөлүгүндө | Бишкек ‒ Ош |
| Чанач | 3408 | Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө | Фергана ‒ Чаткал |
| Чапчыма | 2841 | Чаткал кырка тоосунун борб. бөлүгүндө | Касан-Сай ‒ Чаткал |
| Чоӊ Ашуу | 3822 | Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Сары-Жаз |
| Чыйырчык | 2402 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
| Чытты | 3572 | Фергана тоо тизмегинде (Чытты жана Бычан сууларынын башында) | Фергана ‒ Арпа |