АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:05, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧЫК-ТАШ МӨҢГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталында, Ленин атн. чокунун түн.-чыгыш тарабынан орун алган. Уз. 5,5 км, аянты 5,8 км2. Абляциясынын аянты 3,5 км2, көлөмү 0,2 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4880 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Фирн обл. чокунун түн.-чыгышындагы тармагынын Ленин мөӊгүсүн караган батыш бетинде жатат. Жакынкы мезгилде эле Ленин мөӊгүсүнүн бир айрыгы болгон. Чегинүүнүн натыйжасында өзүнчө бөлүнгөн. Алардын этек мореналары бир тилкеде жатат. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Кызыл-Суунун сол куймасы ‒ Ачык-Таш суусуна куят.