АЛЬБЕРТ ВЕЛИКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:16, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБЕРТ ВЕЛИКИЙ Альберт фон Болынтедт, Альберт Кельнский (1193 же 1207, Лауцнген – 15.11.1280, Кёльн) – немец теологу, философ, монах-доминиканец. Германиянын доминин мектептеринде (1228–40), Париж университетинде (1245–48), Кёльндеги доминикан мектебинде окутуучу болуп иштеген. 1260–62-жылдары Регенсбургда епископ, кийин кайрадан окутуучулук ишти аркалаган. Ал эркин искусствону, табигый илимдерди, медицинаны, ошондой эле Аристотелдин философиясын окуган. Альберт Великий Аристотелдин, Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин өздөштүргөн. Анын эмгектеринде Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер басымдуулук кылат. Альберт Великийдин философиялык табигый илимий кызыкчылыктарынын кеңдиги аны «doctor universalis» деген наамга жеткирген.

                                                                                                     Ш. К. Алиева.