АТМОСФЕРА ФРОНТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ФРОНТУ, т р о п о с ф е р а ф р о н т у ‒ атмосферадагы (тропосферадагы) физикалык касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона. Алардын туурасы 20‒60 км, узундугу 4‒5 миӊ кмге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (температурасы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жер бетине жантыгынан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. Атмосфера фронту дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1:100гө барабар. Атмосфера фронтунда басымдан башка метеорологиялык элементтер горизонталь боюнча чукул өзгөрүлөт. Атмосфера фронтунун суткалык ылдамдыгы 1000‒1500 кмге чейин жетиши мүмкүн. Атмосфера фронту жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт ‒ окклюзия, ал эми негизги географиялык типтеги аба массаларынан бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, уюл, тропик фронттору кирет. Атмосферадагы калыӊ кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуштар көбүнчө Атмосфера фронтуна байланыштуу.

Ад.: Пальмен Э., Ньютон Ч. Циркуляционные системы атмосферы. Л., 1973; Океан ‒ атмосфера. Энциклопедия. Л., 1983.