АУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУК (тажикче аук ‒ чакан суу маанисинде) ‒ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 7 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-ж негизделген. Деӊиз деӊгээлинен 795 м бийиктикте. Калкы 3 262 (2022); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, маданият үйү ж. б. бар.