АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АТМОСФЕРА ФИЗИКАСЫ‒ атмосферада болуучу физикалык кубулуштар менен процесстерди изилдөөчү илим. Ал атмосферада жылуулуктун таралышын, абанын ысышын же муздашын, агымын, буулануу жана конденсациялануу процесстерин, жаан-чачындын пайда болушун, атмосферадагы оптикалык, электрдик, акустикалык ж. б. кубулуштардын себептерин, алардын өз ара байланыштарын физикалык же анализдик жолдор менен аныктайт. А. ф. метеорологиянын көп тармактары менен тыгыз байланышкан, к. Метеорология .
Ад.: Хргиан А. Х., Физика атмосферы. Л., 1969.