АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эӊилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Эӊилчек жана Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери жана аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор менен роговикке айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузиянын экзо- жана эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоо тектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын узундугу 40‒140 м, калыӊдыгы 1,8‒3,8 м. Минералдык курамы боюнча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Кенташтагы калайдын орточо өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 г/т, висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 974, 5 миӊ т, калай металлыныкы 11,3 миӊ т.