АТАМКУЛОВА Калемкаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАМКУЛОВА Калемкаш (12. 3. 1933-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы) ‒ театр артисти, КРдин эл артисти (1993). Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Театр искусствосу институтун бүтүргөн (1963). А. Куттубаевден таалим алган. 1963‒93-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык драма театрында, 1993-жылдан Республикалык жаштар театрында иштеген. К. Атамкулова орус, дүйнөлүк, улуттук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, каармандарынын образын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө алган. Аткарган ролдору: Жамал (К. Жантөшев, «Каныбек»), Агафия Тихоновна, Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Эмилия (У. Шекспир, «Отелло»), Эне (Ж. Садыков, «Табалды Пудовкин»), Кадича, Тотой, Көктурсун (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», «Кыямат»), Эне (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала») ж. б. Бир нече медалдар менен сыйланган.

Т. Сатаров.

АТАМКУЛОВА21.png