БАБУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:20, 25 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБУР,З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483-жыл, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) шаары ‒ 26. 12. 1530-жыл, Индостан, Агра шаары] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү, мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу, Тимуриддер тукумунан. Омор-Шайыктын уулу. Бабур 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент жана башка шаарларды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген жана аны ишке ашыруу үчүн башка хандар жана бектер менен таймашып келген.

Захир ад-дин Бабур. Орто кылымдагы миниатюра.

1501-жылы Бабур Самаркандды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-жылы Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Бабурду Ферганадан кууп чыккан соӊ, ал Афганистанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Бабур азыркы Кабул шаарын каратып алган. Анын 1512-жылга чейин өз мекени Бухара менен Самарканд аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-жылы Индияга жортуул жасап, 1525-жылы Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди менен 1526-жылы Панипата талаасында, 1527-жылы Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеӊип чыгып, 1529-жылга чейин Чыгыш Афганистанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгалиянын чегине чейин өзүнө каратып алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген.

«Тахти-Сулайман дагы худжра (үжөрө). «Бабурдун үйү» (Ош шаары)

Мамлекеттин борбору Дели шаары болгон. Бабур мамлекеттин экономикасын, сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Шейбаниддер мамлекети менен жоолашып келгендигине карабастан, Орто Азия элдери менен соода жана элчилик карым-катнаштарды түзүүгө аракеттенген. Орус жылнаамалык даректерине караганда Бабур Россияга, Василий III Ивановичке достук, соода катнаштарын түзүү тууралуу кат жазып, 1532-жылы элчи жиберет. Жаӊы мамлекет ‒ Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Бабур Агра шаарында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кабул шаарына алып келинип, Шердарбаза тоосунун этегине коюлган. Бул жер «Бабур багы» деп аталат. Ал өзүнүн өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабур-наама» китебин жазган. Бабур лирикалык ырлардын, аруз жөнүндөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу) бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Анрика. М., 1957; Бабур-наме. Записки Бабура //Пер. М. Салье, Таш., 1958; Бабур-нае// Бабур З. М. [Избранное Таш. 1982. Кн.2]
Ад.: Кор-Оглы Х. Г., Узбекская литература. М., 1968; Азимжанова С. А. Государство Бабура в Кабуле и в Индии. М. 1977; Алаев Л. Б. Средневековая Индия. СП б., 2003.

З. Эралиев.