ИНГЕРМАНЛАНДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:29, 29 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНГЕРМАНЛАНДИЯ– тарыхый облус. Орус мамлекетинин түндүк-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-кылымдан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-кылымдан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-жылы Ливон согушунан (1558–83) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–93-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, Ингерманландия (административдик борбору - Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-жылы провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-жылы Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (административдик борбору - Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург шаарынын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-жылдардагы Түндүк согушунун учурунда Ингерманландиянын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) боюнча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-жылдагы губерниялык реформага ылайык Ингерманландия Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.