ДАЛЛЕС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Джон Фостер (25. 2. 1888, Вашингтон – 24. 5. 1959, ошол эле жер) – АКШнын мамлекеттик катчысы, дипломат, Дуайт Эйзенхауэрдин тушунда иштеген америкалык республикалык партиянын лидерлеринин бири. АКШ президенттери Бенжамин Гаррисондун жана Вудро Вильсондун тушундагы АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Фостердин небереси, Роберт Лансингдин иниси. Принстон, Сорбон жана Джордж Вашингтон университеттеринин юридикалык факультетин бүткөн соң, Нью-Йорктогу «Салливэн энд Кромвелл» ири америкалык юридикалык фирмаларында иштеп, эл аралык укук б-ча адистешкен (1927-жылдан фирма башчысы), «International Nickel Company» ТНК эл аралык компаниясынын директору (Канада). New York City Bank башкармалыгынын мүчөсү, Рокфеллер фондунда советтин төрагасы. Биринчи дипломатиялык иштери 1907-ж. 2-Гаага конференциясында АКШ делегациясынын катчылыгынын милдетин аткаруудан башталган. 1919–20-ж-дагы Париж тынчтык конференциясында америкалык делегациянын кеңешчиси; кийинки жылдары Репарациялык комиссиянын жана Жогорку экономикалык кеңештин АКШдагы өкүлү, 1923–24-ж. Дауэс планын иштеп чыгууда көрүнүктүү роль ойногон. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Дж. Трумэн Бириккен Улуттар Уюмунун биринчи Генералдык Ассамблеясына жана 1945-жылдагы Сан-Франциско конференциясына америкалык делегациянын курамына кошкон. О. эле бир катар маанилүү эл аралык конференцияларга катышып, согуштан кийинки тынчтыкты жөнгө салуу маселелерин караган. НАТОну түзүүдө жана Маршалл планын даярдоодо ишке жигердүүлүгүн көрсөткөн. 1953-жылдан Д. Эйзенхауэрдин эки администрациясынын мамлекеттик секретары. Ал СССРге жана социалисттик өлкөлөргө карата өзгөчө катаал позицияны ээлеген, коммунизмди "моралдык жамандык" деп жарыялаган. Ал "күч позициясынан", "согуштун чегиндеги тең салмактуулук" саясаттарын жүргүзгөн; "жапырт өч алуу" доктринасынын автору. Атом куралдарынын топтолушун жана куралдуу карама-каршылыктар болгон учурда аларды колдонууну болжолдойт. 1956-ж. ал Суэц каналынын зонасына англо-француздардын басып киришине катуу каршы чыккан. 1959-ж. апрелде отставкага кеткен.