БЕРНШТЕЙН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:58, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕРНШТЕЙН Эдуард (6. 1. 1850, Берлин — 18. 2. 1932, ошол эле жерде) – немец социал-демократиясынын оппортунисттик канатынын лидерлеринин бири жана 2-Интернационалдын, ревизионизмдин идеологу. 1872-ж. социал-демократияга кошулган. Ал лассальянчылар менен компромисстик идеологиянын жактоочусу 70-жылдардын аягында рев-ячыл күрөштөн баш тартып, Бисмарк режимин колдоого үндөгөн. Карл Маркс жана Ф. Энгельстин сын-пикирлеринин таасири менен ал убактылуу оппортунисттик позициядан алыстаган. 1881–90-ж. «Социал-демократ» («Sozialdemokrat») гезитинин редактору. 90-ж-дын ортосунан марксизмден толугу менен четтеген. "Социализмдин көйгөйлөрү жана социал-демократиянын милдеттери" (1899) аттуу китебинде К. Маркстын окууларынын негизги жоболорун кайра карап чыгуу программасы сунуш кылынган. Рев-ялык марксизмди реформизмге алмаштырууну, бурж. экономисттер менен философтордун идеяларын коргоп, бурж. демократияны даңазалаган. Соц. рев-я жана пролетариат диктатурасы ж-дө Карл Маркстын жоболоруна каршы чыккан. Б-дин жана анын жактоочуларынын (бернштейнчилердин) идеяларын рев-ялык марксисттер (В. И. Ленин, Ф. Мехринг, Р. Люксембург, П. Лафарг ж. б.) кескин сынга алышкан.