БАКУ КОММУНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАКУ КОММУНАСЫ – Баку губерниясынын аймагында орнотулган Совет өкмөтү (25. 4. – 31. 7. 1918). Өкмөттүн курамы большевиктерден жана солчул эсерлерден түзүлүп, Баку Эл Комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Ал бир катар маанилүү чараларды (нефть өнөр жайын, банктарды жана Каспий соода флотун мамлекеттештирүү, бай-манаптардын жерлерин конфискациялап, дыйкандарга берүү, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү ж. б. жөнүндө декреттерди чыгарган) ишке ашыра баштаган. 1918-жылдын жай айларында Баку коммунасынын бийлиги Баку губерниясынын бир катар райондоруна кеңири жайылган. Бирок мусаватчылар колдогон түрк аскерлери Баку комунасына каршы чабуул баштаган. 25-июлда Баку советинин заседаниесинде солчул эсерлер, меньшевиктер жана дашнактардын фракциялары коалициялык өкмөттү түзүү жана шаарды түрк аскерлеринен коргоо деген шылтоо менен англиялыктардын отрядын (Персияда жайгашкан) Бакуга чакыруу жөнүндө резолюция кабыл алышкан. Баку большевиктери резолюцияга баш ийбей, Бакуну коргоону өз алдынча уюштурууну чечишкен. 31-июлда Бакудагы Совет бийлиги убактылуу кулатылган. 4-августа 1918-ж. Англиянын аскерлери Бакуну басып алган. Баку коммунасы кулатылып, бакулук 26 комиссарды «Каспий аскер флотилиясынын Борбордук комитетинин диктатурасы» деген контрреволюциячыл өкмөт камакка алган. Комиссарлар 1918-жылдын 20-сентябрында атылган соң, бүткүл Закавказьени интервенттер менен контрреволюциялык күчтөр ээлеген. Азербайжанда Совет бийлигин калыбына келтирүү үчүн катуу күрөш улантылган. 1920-ж. Баку операциясынын натыйжасында Азербайжанда Совет бийлиги кайра орнотулган. Ж. Арзыкулов