БАДХЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:26, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДХЫЗ ‒ Түркмөнстандагы Паропамиз тоосунун этегиндеги дөӊсөө, Тежен жана Мургаб дарыяларынын аралыгында жайгашкан. Негизинен Мары облусунда. Бийиктиги 1267 мге чейин. Лёсс сымал кумдуктардан турат. Аймагында Бадхыз коругу бар.