БАГАМА АРАЛДАРЫ, архипелаг

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГАМА АРАЛДАРЫ ‒ Атлантика океанындагы архипелаг, Вест-Индияда. Флорида ж.а-нан түн.-батыштан түш.-чыгышка карай Куба жана Гаити а-на чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Флоридадан Флорида кысыгы, Кубадан Эски Багама кысыгы аркылуу бөлүнөт. 700гө жакын аралдан, 2300дөн ашык шуру рифтеринен жана аскалардан турат. Эӊ ири аралдары: Андрос (4,1 миӊ км2), Чоӊ Абако (2 миӊ км2), Чоӊ Багама (1,1 миӊ км2). 20 аралында гана эл отурукташкан.. Б. а-нын бири Сан-Сальвадор ‒ Х. Колумб Жаӊы Дүйнөдөн алгачкы ачкан (1492-ж. 12-октябрда) кургактык. Мында Багама аралдары мамлекети жайгашкан.