БАБИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
БАБИЗМ‒ диний сектанттык окуу жана саясий кыймыл. 19-к-дын 40‒50-ж-нда Иранда шахтын жеке бийлигине жана чет өлкө капиталына каршы нааразычылыктан улам пайда болгон. Баб атка конгон шираздык соодагер Али Мухаммед (1819‒47) негиздеген. Бийлик тарабынан Баб камалып, түрмөдө «Баян» деген китебин жазган. Анда адамдардын теӊдиги, алардын укугун коргоо, бабилердин бийлигин орнотуу, баби тууралуу идеясы айтылган. Бабдын окуусун анын шакирттери ‒ Мухаммед Али Барфуруши, Куррат ал-Айн андан ары улантышып, салыктын бардык түрлөрүн, жеке менчикти жоюу, аялдар теӊдигин үгүттөшкөн. 1848‒52-ж. Бабилердин көтөрүлүшү басылган соӊ, Бабдын окуучусу Бехал жаӊы окуу ‒ Бехаизмди негиздеген.