БАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАА -- товар наркынын акчалай туюнтмасы. Товар Б-сынын өлчөмү төмөнкүчө белгиленет: 1) товардын өздүк наркы; 2) акча материалынын (алтын) наркы; 3) суроо-талап менен сунуштун өз ара катышы; алтындын баасы канчалык жогору болсо, товарлардын баасы ошончолук төмөн болот. Талап сунуштан көп болсо, Б. өлчөмү нарктан жогору болот, ал эми сунуш көбөйсө Б. нарктан төмөндөйт. Талап менен сунуш барабар болгон учурда теӊ салмактуу баа коюлат. Б. базасында аймактар, тармактар жана ишканалар ортосунда товар алмашуу жүрөт. Б. өлчөмү экон. мыйзамдардын, биринчи кезекте нарк мыйзамынын таасири астында аныкталат. Б. макроэкон. пропорцияларды, өндүрүштүн натыйжалуулугун, продукциянын өндүрүүчүлөрү менен кардарларынын экон. кызыкчылы гынын баланстуулугун контролдоодо, пландоодо жана талдоодо пайдаланылат. Б. калктын жашоо деӊгээлинин абалын жана динамикасын мүнөздөөчү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.