АЯНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:28, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯНТ--план б-ча курулган имараттардын аралыгындагы коомдук мааниси бар жашылдандырылган бош жер. Шаарларды жана кыштактарды курууда А. эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-адм. имараттардын алдында); кичи аянт (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын жана
өнөр жай ишканаларынын алдында). Египетте, Грекияда жана Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук жана табынуу үчүн курулган имараттардын алдында А-тар болгон. Дүйнөдөгү белгилүү А-тар: Флоренция дагы Синьория (13‒16-к.), Римдеги Капитолий (16‒17-к.), Ленинграддагы Дворец (18‒19-к.), Москвадагы Кызыл, Манеж, Свердлов А-ы (15‒20-к.), Бишкектеги Ала-Тоо аянты.