АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы менен жер бетиндеги тоотектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-ж.), Швецияда, Канадада жана АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геол. съемкада жана гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. А. ч-до электр-магниттик толкундарды жаратуучу жана таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү менен электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал б-ча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. А. ч. ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.