АЭРОЫКМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЫКМАЛАР, Ж е р д и и з и л д ө ө д ө ‒ жер бетин, андагы кубулуштарды, табигый жана өздөштүрүлгөн ландшафттарды атайын жабдылган самолёттун, вертолёттун, спутниктин же ракетанын жардамы менен изилдөө жана картага түшүрүү жолдору. Жер бетинин жана андагы кубулуштардын физ. касиеттери электр-магниттик толкундардын ар кандай спектр зоналары б-ча түрдүү аспаптар менен абадан кабыл алынып катталат. Ошого байланыштуу А. аэрофотографиялык, фотоэлектрондук, аэрогеофиз. жана аэровизуалдык болуп бөлүнөт. А-дун 1-этабы ‒ жер бетинин көрүнүшүн учуучу аппараттан сүрөт же регистрограмма түрүндө тартып алуудан, 2-этабы алардын мазмунун изилдөөдөн турат. А-дун негизинде жер бети жана андагы кубулуштар ж-дө көп маалымат качан бул эки этап өзгөчөлү
гүнө жана коюлган максаттын маанисине жараша бирин бири толуктаганда гана алынат. А. түрдүү изилдөө процесстерин ылдамдатуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен алардын сапаттуулугун арттырып, изилдөөгө көмөк берет. Өз алдынча же жер бетинде колдонулуучу башка ыкмалар менен бирге (геология да, геодезияда, токой чарбасында ж. б.) кеӊири пайдаланылат.
Ад.: Аэрометоды изучения природных ресурсов. М., 1962; Аэрометоды при геологической съёмке и поисках полезных ископаемых. Т. 1‒2. М., 1964; Борщ‒Компониец В. И. Геодезия. Основы Аэрофото съемки и маркшейдерского дела. М., 1984.