АЭРОФОТОТОПОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОФОТОТОПОГРАФИЯ‒ топографиянын аэросүрөттөр б-ча топографиялык карталарды түзүү ыкмаларын изилдөөчү тармагы. А-да айкалыштырылган (комбинацияланган) жана стереотопогр. эки ыкма пайдаланылат. Биринчисинде картанын контурдук бөлүгү аэросүрөттөрдүн негизинде түзүлүп, ал эми жер бетинин түзүлүш рельефи мензулдук съемка б-ча түшүрүлгөн горизонталдар менен көрсөтүлөт. Экинчиси ‒1:2000 жана андан кичине масштабдагы топографиялык карталарды түзүүдө негизги ыкма, анда горизонталдар аэросүрөттөрдөн фотограмметриялык жол менен чийилет. Стереотопографиялык карта түзүүнүн негизги процесстерине: аэросүрөттөрдү тартуу, фотографиялык жана талаадагы топографиялык-геод. иштерди жүргүзүү, о. эле фотограмметриялык иштетүүлөр кирет. Топографиялык‒геод. иштерде аэросүрөттөгү даана көрүнгөн кээ бир чекиттердин (нерселердин) геод. координаттары талаада аныкталат. Бул жер бетиндеги геод. координаталарды аныктоочу чекиттердин саны түзүлүүчү картанын масштабына, жердин физ.-геогр. шартына жана аэросүрөттүн сапатына жараша болот.
Ад.: Веселовский Н. Н. Аэрофототопография. М., 1958; Коншин М. Д. Аэрофотограмметрия. М., 1967; Лаврова Н. П., Стеценко А. Ф. Аэрофотосъемка. М., 1981. Лобанов А. Н. Фототопография. М., 1983.