АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:04, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒ молекуладагы көмүртек атомдору бири-бири менен жөнөкөй, кош же үч байланыштар аркылуу бириккен, калган валенттүүлүктөрү суутектин атому менен байланышкан ачык чынжырлуу углеводороддор жана алардын туундулары. Алар алифаттык же май катарындагы бирикмелер деп аталат. Булар белгилүү шартта карбоциклдүү жана гетероциклдүү бирикмелерге, тескерисинче алар кайра А. б-ге өтөт. Мисалы, ацетилен жана анын гомологдору жогорку температурада (600°С) ароматтык бирикмелерди пайда кылса, циклопропанды жана тиофенди гидрирлөөдөн пропан менен бутан алынат. А. б-дин негизги булагы ‒ нефть жана өсүмдүктөр, СО менен Н2ден синтезделип алынган өнөр жай продуктулары. Нефтини кайра иштетүүдөн өнөр жайда негизинен алкандар менен алкендер алынат. А. б-ден өнөр жайда самын, ар түрдүү оргганикалык эриткичтер (эфир, хлороформ, дихлорэтан, ацетон ж. б.), антифриздер, жыпар жыттуу ж. б. заттар алынат. С. Адылов.