АХМАДАБАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:18, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМАДАБАД, А х м е д а б а д ‒ Индиядагы шаар. Батыш Индиянын маанилүү өнөр жай жана соода борбору. Сабармати д-нын боюнда жайгашкан. Гужарат штатында. 1411-ж. негизделген. Калкы 5,6 млн (2011). Жолдор тоому. Текстиль өнөр жайынын (кебезден жип ийрүү жана токуу, жасалма жибек) ири борбору. Металл иштетүү, хим., булгаары, ширеӊке өнөр жайы бар. Кустардык жол менен парча, жибек токуп чыгаруу, зер жана лак буюмдарын жасоо, көркөм оймо түшүрүү өнүккөн. Гужарат ун-ти, триумфалдуу Тин-Дарваза дарбазасы (15-к.), Рани-Сипри мечити күмбөзү менен (1514-ж. курулуп бүткөн) сакталган.