АФШАРЛАР
АФШАРЛАР‒ Ирандын түн.-батышы менен түн.-чыгышында жана Афганистандын түн.-батышындагы түрк уруулар тобу. Саны болжол менен 300 миң адам (2000). Ирандын түн.-батышындагылары азербайжандарга, Афганистандын жана Ирандын башка райондорунда жашагандары түркмөндөргө жакын. Алар азери тилинин таасири астында түштүкогуз диалектилеринде сүйлөшөт. Ислам динин (Афганистандагылар суннит мусулмандары жана Ирандагылар шиит имамиттери) тутушат. 16-к-да А-дын ата-бабалары Сефевиддер тарабынан Ирандын түндүк-батышынан (Түш. Азербайжан) өзбектерге каршы күрөшүү үчүн Хорасанга отурукташкан. А-ды экинчи жолу 1729–30-жылдары Кырклунун Афшар уруусунан чыккан Надир Шах көчүрүп келген. Алардын айрымдары Мияб жана Кубеган, калгандары Мешхед жана Келат р-ндоруна отурукташкан. Айрым топтор Кабулга жана Кандагарга чейин жетип, калктуу конуштарды ээлешкен. А. тобунун бир бөлүгү (Хорасандын жерг. тургундары) Түркиянын түндүгүндөгү Кызыл-Ирмак д-нын өрөөнүнө көчүп барып, түрктөр менен ассимиляцияланган. Алар негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишет. Аялдары жүндөн килем, таар, кездеме токушат. А. топурактан согулган, үстү жыгач менен жабылган үйлөрдө жашашат.