АФАКИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФАКИЯ (а... жана гр. phakos ‒ оптикалык айнек) ‒ көз чечекейинин жоктугу. А. көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, ошондой эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт жана аккомадация жоголот. А-да томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.