АУЭЗОВ Мухтар Омарханович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:21, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУЭЗОВ Мухтар Омарханович [16 (28). 9. 1897, Семей обл., Абай р-ну, Аркат айылы ‒ 27. 6. 1961, Москва ш., сөөгү Алматыга коюлган] ‒ казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан ИАсын ын академиги (1946), филология илимд. доктору, проф. (1946). Семейдеги мугалимдер семинариясын, (1919). 1923‒28-ж. А. Ташкендеги О. Азия мамл. ун-тинде, Ленинград ун-тинде окуп, филология ф-тин бүтүргөн. 1928‒30-ж. О. Азия ун-тинин аспирантурасында окуган. Туӊгуч чыгармасы ‒

АУЭЗОВ45.png

«Эӊлик-Кебекти» 1917-ж. жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эӊлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. А-дун алгачкы эле аӊгеме, повесттеринен анын орус жана европа ад-ты менен казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук мад-т, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. А. көркөм чыг-лык менен бирге, ил. майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин ад-тынын маанилүү маселелери б-ча бир нече ил. сын макала жазган. Орус жана дүйнөлүк классиктердин (У. Шекспир, А. С. Пушкин, И. А. Тургенев, Н. В. Гоголь, М. П. Погодин) чыгармаларын казак тилине которгон. Л. Соболев менен бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соӊку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. А-дун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1‒2-китеби (1942‒47) СССР мамл. сыйл. (1949), 3‒4-китептери (1950‒56) Лениндик сыйл. (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу казак элинин Окт. рев-ясына чейинки коомдук турмушунун социалдык-саясий жана нравалык конфликттери менен элдин аӊ-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери менен тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда А. көп изденет. Анын достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен аӊгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде өтө карып калгандыгына карабастан, о. эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоӊ атасы ‒ Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абайдын «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик менен жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. А. өмүрүнүн акыркы жылдарында ад-ттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенди. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» ж. б. очерк, аӊгемелерин жараткан. «Ак кайыӊ» (А. Тажибаев менен бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942‒44) пьесаларын жазган. А-дун адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаӊы рухий дүйнөсүн, улуттар арасында гы достук мамилелерди кеӊири көрсөтүүнү максат кылган жаӊы эпопеясынын 1-китеби ‒ «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан. А. дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. Ал о. кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал ад-ты, 19-к-дагы орус классикасы, Батыш ад-ты, көркөм котормо маселелери б-ча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын ил. изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. А. кыргыз ад-тынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеӊири белгилүү. О. эле «Караш-караш окуясы» повести, аӊгемелери жана ил. эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. А. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Ауэзов М. Чыгармалары, 12 томдук, 1‒12 т. А.-А.; 1967‒69; Абай. Тарыхый роман, 1‒2-китеп. Ф., 1955, 1957; Караш-караш. Аӊгемелер жыйнагы. Ф., 1969; Кыргызский героический эпос «Манас». М., 1961. Ад.: Ахметов З. Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А., 1996; М. Ауэзов ‒ ХХ кылымдын улуу жазуучусу жана гуманисти. А., 1997; Садыков А. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адабияты. Б., 2001; Мухтар Ауэзов жана кыргыз залкар жазуучулары. Б., 2005. А. Садыков.