АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ‒ абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарактарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. А. с. б. к. буунун серпилгичтигине, темп-расына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү менен хим. курамына байланыштуу. Атм-да конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлордун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаӊдардан, бактериялардан ж. б-дан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атм-да булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо ж. б. келип чыгат.