АТЛАС тоолору

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:08, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАС, А т л а с т о о л о р у ‒ Африканын түн.-батышындагы тоо системасы. Марокко, Алжир жана Тунис өлкөлөрүнүн аймагында. Уз.

АТЛАС32.png

2000 кмдей. Эӊ бийик жери Марокконун аймагында ‒ Тубкаль чокусу, 4165 м. Мында негизинен жарыш кырка тоолордон (Эр-Риф, Ортоӊку Атлас, Бийик Атлас, Анти атлас), ички калдык платолордон (Бийик плато, Марокко Месетасы) жана денудациялык-аккумуляциялык түздүктөрдөн турат. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 2000‒2500 м. Бийик кырка тоолорго рельефтин альп формалары мүнөздүү. Алжирдин чыгышында А. кыйла ичкерип, жапыздайт; Тунистин аймагында жапыз тоо жана дөӊсөөлөрдөн (Тунис Атласы) турат. А. альп-гималай кырчоосунун батыш бөлүгүндө соӊку тектон. кыймылдын натыйжасында, негизинен палеогендин аягында жана неогенде пайда болгон; азыркы кезде да жертитирөөлөр болуп турат. Негизинен мергель, түрдүү чопо жана акиташ тоотектеринен турат; байыркы жанар тоо тектери кездешет. Темир, коргошун-цинк, кобальт (Бу-Аззер), фосфорит, нефть кендери бар.
А. субтропик алкагында жайгашкан, климаты жээктерде жер ортолук деӊиздик, калган бөлүгүндө жарым чөлдүү. Батыш жана түн. капталдарында жаан-чачын арбын (1000‒1800 мм) жаайт; көп бөлүгүнүн жаан-чачыны 400‒600 мм, түш. бөлүгүндө 300 мм жана андан да аз. А-тан Умм-эр-Рбия жана Шелиф д. башталат. Топурак-өсүмдүктөрүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Түн. жана түн.-батыш капталдарында 800‒1200 м бийиктикке чейин дайыма жашыл таш жана тыгын жалбырагы катуу дарактар, эмен, 1700 мге чейин дайыма жашыл, жайкысын жашыл жазы (эмен, акчечек) жана ийне жалбырактуу аралаш токой, 2200 мге чейин ийне жалбырактуу (негизинен атлас кедри) токой мүнөздүү. Ички каксоо жерлеринде жана түштүгүндө бадал (спарта ж. б.) жана дан өсүмдүктөрү (шыбак, эрмен) өсөт. А-тын түн. аймактарынын ландшафты адамдын чарбалык ишинин натыйжасында өтө өзгөргөн. К. Жумашев.