АТЛАНТИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТИДА ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12 миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. Атлантида жөнүндөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» жана «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон Атлантиданы калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа менен Түндүк Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, Атлантида цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотель Атлантида ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-кылымдын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын Атлантида менен окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин аралы же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылганды гына карабастан, Атлантиданын болгондугу жана анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.