АТЕРОМА
Jump to navigation
Jump to search
АТЕРОМА (гр. athera ‒ ботко, оmа ‒ шишик) ‒ теридеги май бездердин түтүкчөлөрүнүн бүтөлүшүнөн пайда болгон зыянсыз шишик. Май бездери бет, баш, моюн терилеринде көп. Анын адегенде өлчөмү таруудан да кичине, акырындык менен чоӊоюп, тооктун жумурткасындай өлчөмгө жетет. А. ден соолукка анча зыяны жок, бирок ал чоӊойгон сайын адамдын көркүн бузат же ар кандай жагымсыз жагдайдын таасиринен сезгенип, ириӊдеп, абсцесске айланып кетсе, хирургиялык жол менен алынат. А-нын пайда болушун алдын алууда терини ар дайым таза кармоо, ошондой эле чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан сактануу керек.