АТАБЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАБЕК (түрк., ата жана бек) ‒ 1) алгач селжук султандарынын мураскерлерин тарбиялоочулар. Көп учурда өзүнүн тарбиялануучусунун бийликке келиши менен регент аталып, айрым учурларда жаӊы династиялардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан; 2) 12‒13-к-дагы Жакынкы Чыгыштагы башкаруучулардын аталышы; 3) мамлюк султанатындагы египеттик аскер башчы (13‒16-к), к. о. эле Аталык макаласын.