АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түн.-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊг. бийикт. 1860‒1900 м. Уз. 6 км, туурасы 20‒150 м. Капталдары бийик (200‒400 м), кууш жана тик (50‒60°). Капчыгайдын түш. бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түн. тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түш. бөлүгүндө палеоген менен неогендин конгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.