АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:04, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ ЗАКАЗНИГИ--Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы аӊчылык б-ча корук жер. Кайыӊды, Ат-Башы сууларынын жана Ат-Башы суу сактагычынын жанындагы токойлуу жана бадалдуу жерди ээлейт. Аянты 12,0 миӊ га. Азайып бараткан кекилик, коён, кыргоол, элик ж. б. канаттуулар менен жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.