АСТЕНОСФЕРА
09:38, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АСТЕНОСФ ЕРА to АСТЕНОСФЕРА) тарабынан жасалган версия
АСТЕНОСФЕРА (жаӊы лат. asthenosphaera, гр. asthenes ‒ начар жана сфера) ‒ Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик жана илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-ж. америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-ж. Б. Гутенберг сейсмологиялык жол менен тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандардын түбүнөн 100 км тереӊдикте орун алып, төмөнкү чеги 150‒200 кмге жетет. А-да сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштыр ганда жайыраак тарай тургандыгы геофиз. изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. А. жанар тоолордун пайда болуусуна жана жер кыртышын дагы тектон. кыймылдарга себеп болот.